• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Жол кырсыгы катталып, беш адам жабыркады

9 Бештин айы 2022 11:16 Бишкек Govori.TV

Суусамыр – Талас – Тараз трассасында жол кырсыгы катталып, беш адам жабыркады. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык күн мурун, 8-декабрда болжол менен саат 01:30дар чамасында катталган.Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унааны башкарып келе жаткан 24 жаштагы А.Р. аттуу айдоочу алдыдагы унаадан ашып өтүп, жол кырсыгына кабылган.

Кырсыктын кесепетинен беш адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Учурда автоунаа айып короосуна киргизилип, кырсыктын чоо-жайы такталууда.

Теги:
Количество просмотров: 83