• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжеликага операция жасалды

24 Үчтүн айы 202118:11 Бишкек Govori.TV

Ырчы Анжелика Кайратова 23-январда Ысык-Көл облусунун Түп районунда кыздары менен жол кырсыгына кабылды. Учурда ырчыга операция жасалып, Бишкектеги Ортопедия жана травматология борборунда даарыланууда. Бул тууралуу аталган борбордун басма сөз кызматынан билдиришти.

«Ырчы 23-январда тез арада Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жеткирилген. Ага операция жасалды, азыр абалы туруктуу», — деп айтылат маалыматта

Эске салсак, кечээ, 23-январда Түп районунун Балбай айылындагы жол кырсыктан Анжелика жана анын 5жаштагы кызы Айлин ооруканага жеткирилген. Унаада болгон калган жүргүнчүлөр катуу жаракат алган эмес.

Количество просмотров: 2783