• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Камактагы Аскат Жетиген кыйноого кабылганын айтты

23 Бугу 202416:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-майда ырчы Аскат Жетиген сотто көрсөтмө берип, 20-мартта кармалгандан кийин аны күч кызматкерлери кыйноого алганын билдиргенин «Азаттык» жазды.

Жетиген Акыйкатчыга жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылганын айткан.

“Ток менен бир саат бою кыйнашкан. Бул боюнча кат жибердим, азыркы учурда Аскер прокуратурасы ишти изилдеп жатат”, — деген ал.

Азырынча Жаза аткаруу кызматы жана Улуттук коопсуздук комитети Аскат Жетигендин билдирүүсүнө жооп бере элек.

Белгилей кетсек, Аскат Жетиген “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча айыпталып жатат.

Количество просмотров: 727