• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жол кырсыгынан жабыркаган 5 адам куткарылды

15 Бештин айы 2023 8:17 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда жол кырсыгынан жабыркаган 5 адам куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 19-чакырымында «Хонда адисей» үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып, каналдын жээгиндеги даракка урунган. Ичинде 3 аял 2 жаш бала болгон.

Жерине Кара-Кулжа райондук ӨКБнын авариялык куткаруу унаасы (АСМ) менен 5 куткаруучу тартылып, аталаган 5 жаранга жардам көрсөтүлдү.

Количество просмотров: 318