• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жол кырсыкта каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга алынып келинди

23 Баш оона 202217:57 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга алып келинди.

Такталган маалымат боюнча “ЖҮК-200” атайын борту саат 17:25те Ош шаарындагы аэропортуна конду. Мекендештерибиздин сөөгүн кичи мекенине чейин жеткирүү милдети Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлгөн.

Эске салсак, 21-августта Ульяновскидеги катуу жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14ү кыргыз жараны экени такталган. Дагы үч адам ооруканада жатат.

Количество просмотров: 281