• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жол салууга тоскоол болгон обьектилер бузулду

18 Аяк оона 202416:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы Кара-Дарыя көчөсүндөгү жолдун курулушуна тоскоол болгон объектилерди бузуп, тазалады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Л.Толстой менен О.Медеров көчөлөрүнүн кесилишиндеги 69 объект демонтаждалып, 3850 чарчы метр муниципалдык жер бошотулган.
Бузулган объектилердин арасында:

  • 13 капиталдык имараттар;
  • 6 жеке үйлөрдүн темир тосмолору;
  • 2 унаа токтотуучу жай;
  • 1 кафе;
  • чарбалык объектилердин 7 темир-бетон тосмолору;
  • 39 жеңил конструкция жана контейнер бар.
    Белгилей кетсек, тоскоол болгон объектилер алынып, жаңы жол салууга мейкиндик түзүлдү.
Количество просмотров: 218