• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жол талашкан унаалар, аргыштап аккан суу… Боомдогу селдин видеосу

5 Баш оона 2022 21:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-августта Боомдо селден улам унаа жол жабылып, унаалардын узун тыгыны жаралган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 5-августта саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон түшкөн сел суусу Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 136 жана 138-чакырым аралыгында эки тилкедеги жолду кум шагылга толтурган.

Саат 17:00дө жолдун Балыкчы–Бишкек каттамы бир тараптуу ачылды. Машиналар ал жерден эки тарапка кезеги менен өтүп жатат.

Селдин айынан Боомдун автожолу буга чейин да бир нече жолу убактылуу жабылып, темир жол каттамы бир күнгө токтогон

Теги:
Количество просмотров: 12358