• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жол тандабас Чычкан суусуна түшүп кетти. Жабыркагандар бар

2 Кулжа 202219:10 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек – Ош унаа жолунун 275-чакырымында Lexus-470 үлгүсүндөгү унаа Чычкан суусуна түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чычкан капчыгайында катталган кырсыкта унаанын ичинде 5 адам болгон, анын ичинен 2 адам жеңил жаракат алышып, тез жардам кызматы тарабынан ооруканага жеткирилген.

Бактыга жараша каза болгондор жок.

Теги:
Количество просмотров: 1086