Жол тескөөчүлөргө баш ийбеген айдоочу кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош-Бишкек унаа жолунун 618-чакырымында Lexus үлгүсүндөгү унаанын 1986-жылы туулган айдоочусу Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей кетип калган.
«Кызматкерлер унааны кармоо үчүн кийинки күзөттө турган кызматкерлерге маалымат берген. Жыйынтыгында, кызматкерлердин ыкчам чара көрүүлөрүнүн натыйжасында айдоочу кармалып, унаасы айып короо жайына токтотулду. Жол эрежелерин бузгандыгы үчүн жалпысынан 41 миң айып салынган. Ал эми айдоочусу андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген», — деп айтылат маалыматта.