• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жоламан Шаршенбеков атаандашын 7:2 эсебинде жеңди

26 Чын куран 202322:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Орусиялык атаандашы Динислам Бамматовду 7:2 эсебинде жеңип алды.

Белгилей кетсек, бүгүн Алматыда Poddubny Wrestling League уюмунун кезектеги мелдеши өтүп жатат.

Турнирдин алкагында 19 беттеш болот. Бишкектин убактысы боюнча 19:00дө башталды.

Турнирдин башкы кечесинде Акжол Махмудов менен орусиялык Роман Власов жолугат.

Ошондой эле, килем үстүнө Үзүр Джузупбеков жана Тайырбек Жумашбек уулу чыгат.

Количество просмотров: 120