• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатынын финалына чыкты

10 Чын куран 202313:56 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта катышып, алгач ал индиялык Сумит аттуу балбанга бир дагы упай бербестен, 10:0 эсебинде уткан.

Ал эми жарым финалда кыргыз балбаны япониялык Майто Кавананы 4:0 эсебинде жеңди.

Белгилей кетсек, мелдеште буга чейин Акжол Махмудов алтын, Роман Ким коло медаль багындырган.

Количество просмотров: 225