Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту.
Алтын үчүн кармашта Шаршенбеков кореялык Ханджэ Чунду жеңип алды.
Азия чемпионатында ошондой эле Акжол Махмудов (77 кг) алтын, Роман Ким (130 кг) коло медаль багындырды.
Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.