• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жоламан Шаршенбеков: Беттешке чыга турган балбандардын алтын байге утушуна тилектешмин

7 Баш оона 20243:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын куржунуна Париж Олимпиадасынан алгачкы медалды алып келген балбан Жоламан Шаршенбеков ыраазычылыгын билдирди.

«Бул баарыбыздын жеңишибиз. Бул жеңиш-жалпы кыргыз элинин жеңиши. Колдоочуларыма, күйөрмандарыма, бир туугандарыма, мени сүрөгөн ар бир адамга терең ыраазычылык билдирем. Бул жалгыз менин жеңишим десем жаңылышам. Бул жеңиш кыргыз мамлекетинин, агайларымдын, бир туугандарымдын, күйөрмандарымдын жеңиши.

Баардык шарты түзүп берген мамлекетибизге, спорт комитетине, б врач эжелерибизге терең ыраазычылык билдирем.

Алдыдагы таймашка чыга турган балбандарга ийгилик каалайм. Кыргызстанда аззыроынча алтын жок. Бизден кийин беттешке чыга турган балбандарыбыздын алтын байге утушуна тилектешмин»-деди.

Количество просмотров: 126