• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жолдо калган 70ке жакын тажикстандык мигрант Москвага жеткирилди

2 Жалган куран 2023 9:06 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Самара облусунда автобус бузулуп жолдо калган тажикстандык мигранттар Москва шаарына жеткирилди.

Жүргүнчүлөрдүн айтымында, «Озоди» радиосунун сайтына алардын көйгөйү тууралуу макала чыккандан кийин «Сайри лахзаи дуньё» компаниясы мигранттарды башка автобуска отургузуп, 1-март күнү түнкү саат үчтө Москвага жеткирди.

Буга чейин Тажикстандын Хатлон облусунан чыккан 70ке жакын мигрант жолдо автобус бузулуп калганын билдиришкен. 28-февралда алар «Озоди» радиосуна видео жөнөтүп, «бир жумадан бери Москвага жете албай жатканын, тамак-аштары түгөнгөнүн» айтып даттанышкан.

Количество просмотров: 71