• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Денесине келтирилген оор жаракаттан жабырлануучу ооруканада каза болду

2 Бирдин айы 2023 9:32 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда ден соолукка оор залал келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-январь күнү Жалал-Абад шаардык милициясына ооруканадан телефон чалуу болуп, 18:00 чамасында Сузак районунун тургуну 1993-жылы туулган М.А. башынан оор жараат алып, өзүн билбеген оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгын билдирген.

Бул факты Жалал-Абад шаардык милициясында КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка оор залал келтирүү») менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кечиктирилгис түрдө жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 19-январь күнү окуяга шектүү катары Сузак районунун Атабеков айыл өкмөтүнүн тургуну 1979-жылы туулган Ж.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тилекке каршы М.А. денесинен алган жарааттан улам 30-январь күнү каза болуп калган.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 4256