• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Жолдорду оңдоо боюнча долбоорлор коомдук талкуудан өтөт

25 Бештин айы 201813:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.12.2018.Govori.TV

Капиталдык курулуш башкармалыгы жакында оңдоо иштери жүргүзүлө турчу жана пландалып жаткан долбоорлорду коомдук талкууга чыгарууну сунуштады. Жолдорду оңдоо боюнча бардык долбоорлор коомдук экспертизадан өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы  билдирди.

Капиталдык курулуш башкармалыгы жакында оңдоо иштери жүргүзүлө турчу жана пландалып жаткан долбоорлорду коомдук талкууга чыгарууну сунуштады.

Демилгелүү топко долбоорчулар, жолчулар, шаардык кеңештин депутаттары, инженердик кызматтын өкүлдөрү жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү киришти. Алар Бишкек шаарындагы жолдорду өнүктүрүү боюнча 60 долбоорду карап, керек болгон учурда өзгөртүү киргизе алат.

Бул жумада беш долбоор каралат.

Булак: Спутник

Количество просмотров: 17