Бишкек.20.10.2018.Govori.TV.
Икрамжан Илмиянов акыркы күндөрү кайсы жакта болгондугун Алмазбек Атамбаев билген эмес, деп жооп берди КСДП партиясынын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева.
Анын айтымында Атамбаев Казань шаарында үй куруп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Илмиянов Казанда эмне кылып жүргөндүгү тууралуу маалымат жок экендигин Жолдубаева айтты.
Эскерте кетсек, издөөгө жарыяланган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айтылуу шоопуру Икрамжан Илмиянов козголгон кылмыш ишинин негизинде Кыргызстанга алынып келинди.
Илмиянов Казань шаарынан кармалганы айтылууда.
Маалыматка ылайык Илмиянов сурак берип жатканы кабарланууда.
Өздүк булактарга ылайык Илмиянов Казань шаарында шефи Алмазбек Атамбаевге үй куруп жатканы айтылууда. Бул маалыматка Атамбаевдин тарапташтары комментарий бере элек.