• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жолтандабастын айдоочусу журналистке кол салган. Унаанын ээси Тазабек Икрамов эмес

21 Аяк оона 2018 15:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.09.2018. Govori.TV
Текшерүү учурунда жолтандабастын айдоочусу журналистке кол салган. Ал унаанын ээси депутат Тазабек Икрамов деп айтылып жаткан маалымат жалган. Бул тууралуу Икрамовдун жардамчысы Адилет Мырзабаев билдирди.
Маалыматка ылайык эл өкүлү автоунаасын мындан 3 ай мурун сатып жиберген. Учурда башка үлгүдөгү унаа менен жүрөөрүн кошумчалады.
Кошумчалай кетсек, учурда депутат Тазабек Икрамов иш-сапары менен Азербайжанда жүргөнү белгилүү болду.
Эске салсак, бул окуя, 20-сентябрда Чүй менен Эркиндик проспектилеринин кесилишинде болгон. Айдоочунун аракетине айран таң калган күбөлөр Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналистин чакырышкан. Агенттиктин кеңсеси окуя болгон жерге жакын жайгашкан. Жерине келген журналист телефонуна тартып баштаганда, айдоочу ага атырылып, жакалап телефонду алууга аракет кылган. Бул учурда айдоочу журналистти коркутуп, сөккөн. Алардын жаңжалына инспекторлор кийлигишип, араң ажыратып калышкан. Бирок бул учурда токтотулган жол тандабастын ичинен жүргүнчүсү чыгып, журналистке тап берип, атырылган. Бул жолу да милиция кызматкерлери аны токтотуп калган.
Көзүнө эч нерсени илбеген Lexus 570 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусунун аракети инспекторлордун камерасына да тартылып калган. Анда кара футболка менен кепке кийген киши инспекторлордун жанына келип, андан кийин Sputnik агенттигинин журналистине атырылып, уюлдук телефонун тартып алганын көрүүгө болот. Бирок милиция кызматкерлери телефонду журналистке кайтарып беришкен.
Жыйынтыгында инспекторлор протокол түзүп, мамлекеттик номери 02KG 570 AAA болгон Lexus 570 автоунаасын айып короого токтоткон.
Количество просмотров: 31