• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жоодарбешим жубайынын сулуулугу менен мактанды. Чачың, кашың, көзүң баары өзүңдүкү

29 Жалган куран 2019 15:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 29.03.2019. Govori.TV.

Ырчы Жоодарбешим Табылганов азыркы учурда чыгармачылыктан бир аз алыстап кеткени баарыбызга маалым. Ырчы Аксаана аттуу кызга баш кошуп эки жаш 2018-жылы кыздуу болушкан.

Жоодарбешим инстаграм баракчасынан жубайына ыраазчылык билдирген пост жазып, сүйүүсүн билдирди.

Ал жубайы экөө түшкөн сүрөт жүктөп баяндамасына:

«Мен сени жасалмасыздыгын үчүн сүйөм, чачың, кашың, көзүң, сүйлөгөн сөзүң, эриндериң, жан дүйнөң баары өзүңдүкү, интернет үчүн эмес, мен учун жашагандайсың, Алллахыма шүгүр, рахмат, ыймандуу жанды насип кылды. Түбөлүк, кичинекейим мен сени тандадым, аял кылыш үчүн эле эмес сени бир өмүр коргоп, үшүсөң жылытыш үчүн, ысысаң көлөкөң болуш үчүн, анан ушундай таттуу сезимдер менен бул өмүрдү татыктуу жашап, канымдан жаралган карегимдей кымбат балдарымды, артыбызга ыйык Mекенибизге калтырыш үчүн үйлөндүм сага. Кудайым ыраазы болсун жаным, мен ыраазымын», -деп Аксанага ыраазычылыгын билдирди.

Ырчынын күйөрмандары таттуу түгөйлөргө жакшы калоо-тилектерин жазып калтырышты.

Булак: «Барометр»

Количество просмотров: 34