• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

1 айдан бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандынын жубайы президентке кайрылды

2 Теке 2021 14:36 Бишкек Govori.TV

Бир айдан бери табылбай жаткан “Сапат” билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды президент Садыр Жапаровго үчүнчү ирет видео кайрылуу жасады.

Рейхан Инанды жолдошу 1 айдан бери табылбай жатканын айтып, аны табууга жардам берүүнү президенттен өтүнгөн.

“Мен төрт балам менен бир айдан бери көз ирмебей, күнү-түнү, чоң үмүт менен күтүп жатабыз. Сиз журт атасы катары биз сизге таянабыз, ишенебиз, бизге жардам бериңиз. Атабызды табуу боюнча укук коргоо органдарына берген тапшырмаңыздын жакшы жыйынтыгын талап кылууңузду күтөм. Балдарымдын атасы үйгө аман-эсен келсин”, — деди Рейхан Инанды.

Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инанды бир ай мурун, 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз. Инандынын тарапкерлери анын табылышын талап кылып, эки жумадан ашуун тынбай акцияларды өткөрүп турушту. Орхан Инанды Кыргызстанда 20га жакын “Сапат” жеке лицейинин, эл аралык “Ала-Тоо” университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Анын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майдын кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин айткан. Президент Садыр Жапаров тийиштүү мекемелерге Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган. Инандыны Интерпол дагы издеп жатат.

Количество просмотров: 3051