• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жоошев: Акыл-эси ордундагы адам ал көрсөтмөлөрдү окуса түшүнөт, ал жерде Атамбаевге каршы эч бир көрсөтмө жок

21 Тогуздун айы 2019 13:54 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жактоочуларынын бири Замир Жоошевдин Govori.TVга билдиргенине ылайык, азыркы учурда тергөө иштери алардын катышуусусуз өтүп жатат. Себеби, буга чейин Атамбаев тергөө менен кызматташпоосу жана алардын суроолоруна жооп бербей турганы жөнүндө чечим кабыл алган эле.

«Тергөө жүрүп жатат, бирок биз активдүү катышпай элебиз. Себеби, Алмазбек Шаршеновичтин тергөө менен кызматташпоо чечимине ылайык, тергөө иштери бизсиз өтүүдө. Ал эми Атамбаевдин катышуусунда 1-2 эле жолу экспертизалык кезигүүлөр болгон, андан тышкары эч кандай деле ал кишинин катышуусунда нерсе болбой эле», — деди жактоочу.

Жоошев кошумчалагандай мурдагы президенттин ден-соолугу жакшы, бир гана терс жагдай катары анын кан басымы дайым төмөн болуп жатат.

«Айыптоо тарап айтып жаткан Атамбаевге каршы көрсөтмө берет деген күбөлөр мурдагы президентти айыптаган көрсөтмө беришпейт. Ар бир акыл-эси ордундагы адам ал көрсөтмөлөрдү окуса түшүнөт, ал жерде эч кандай кылмыш жөнүндө айтышкан жок», — деди жактоочу.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Учурда ал бир нече оор кылмышка байланыштуу шек саналууда. Алардын ичинен кримтөбөл Азиз Батукаевди качыруу боюнча сот жараяны башталды. Бирок Атамбаев сотко катышуудан баш тартууда.

Количество просмотров: 342