• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жоошев: Жактоочуларга иш козголду деген Токтомду бербей жатышат

24 Тогуздун айы 202220:20 Бишкек Govori.TV

Массалык баш аламандык уюштуруу боюнча сотко катышып жаткан адвокаттардын бирине да кылмыш ишинин козголгону боюнча чечим берилген жок. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жеенбековдун жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, бул документсиз эч кимге кылмыш ишин козгоо тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес.

«Сотто отурган адвокаттардын эч кимиси тергөөчү тарабынан иш козголгону тууралуу Токтомду колго ала албай жатышат. Биринчи тергөөчү кылмыш боюнча иш козгоо боюнча Токтом чыгарыш керек эле. Ал Токтом жок кылмыш иши козголду деп айтууга болбойт. Сот азыр жок ишти карап жатат», — деди Замир Жоошев.

Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.24-октябрда Бишкекте бир катар саясатчылардын жана жарандык активисттердин камалышына каршы болгондор жөө жүрүшкө чыгышты.

Ал эми бүгүн, 24-октябрда Биринчи май райондук соту кармалган айрым саясатчылардын жана активисттердин баш коргоо чарасын карап жатат.

Количество просмотров: 299