• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жоржия соту Трамптын күрөөсүн 200 миң доллар деп белгиледи

22 Баш оона 2023 17:14 Бишкек Govori.TV

Дональд Трамп сот жараянына чейин эркиндикте болууну кааласа, 200 миң доллар күрөө коюуга милдеттүү. Ал Жоржия штатында 2020-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын мыйзамсыз өзгөртүүгө аракет кылууга айыпталууда.

Мындай чечимди Жоржиянын Фултон окуругунун судьясы Скотт Макаффи кабыл алды.

Судья ошондой эле Трамптан бул иш боюнча сурак берген күбөлөрдү коркутуу аракетинен, сот ишине кийлигишүүдөн баш тартууну талап кылды. Сот эскертүү Трамптын социалдык тармактардагы билдирүүлөрүнө да тиешелүү экенин белгиледи.

21-августта Дональд Трамптын адвокаттары жана райондук прокурор Фанни Уиллис бул шарттарга макул болушту. Бул тартип баш коргоо чарасын кароо боюнча соттук отурумдардын зарылдыгын жокко чыгарат. Процедурага ылайык, Трамп расмий түрдө камакка алынып, кайра дароо бошотулат. Жоржия штатынын эрежелерине ылайык, манжа издери алынып, камакка алынган адамдын сүрөтү тартылышы керек. Дональд Трамп социалдык тармактагы баракчасында бул процедура үчүн бейшемби күнү Атлантага келерин жарыялады.

Экс-президентке буга чейин үч кылмыш ишине байланыштуу айыбы угузулган. Анда Трамп соңку президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга, жашыруун документтерди мыйзамсыз сактап турууга жана порнографиялык тасмаларга тартылган актриса Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн акча берүү сыяктуу 91 айып коюлган.

Кылмыш иши менен катар Трамп 2024-жылдагы АКШдагы президенттик шайлоого карата кампаниясын улантууда.

Количество просмотров: 71