• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

ЖОЖдорго кабыл алуунун 3-туру башталды

22 Теке 201910:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.07.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 22-июлда Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун үчүнчү туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку окуу жайларга тапшыруучулардын арызынан улам жана 2-турдун жыйынтыгында бош гранттык орундар калгандыктан 3-турду өткөрүүгө Билим берүү жана илим министрлиги уруксат берген.

Белгилей кетсек, окуу жайга өтүү үчүн талон салуу 24-июль саат 14:00дө аяктайт. Ал эми 25-июль саат 10:00дө кабыл алынгандардын тизмеси ар бир окуу жайдын алдына илинет.

Количество просмотров: 13