Жубайы менен уулун нөшөрлөгөн жаанда калтырган Трамп сынга кабылды (видео)
Жубайы менен уулун нөшөрлөгөн жаанда калтырган Трамп сынга кабылды (видео)
28 Бирдин айы 2018 11:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.02.2018.Govori.TV.
КШ президенти Дональд Трамп Флорида штатындагы Палм-Бич аэропортунда уулу Бэррон менен жубайы Меланьяны жаанга таштап койгондугу үчүн социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылды.
Бул тасмадан «биринчи бортко» көтөрүлүп бара жаткан президент Трамптын кол чатыр менен бара жаткандыгын жана артындагы уулу менен жубайы нөшөрлөгөн жаанда кол чатырсыз калышканкандыгын көрүүгө болот.
Donald Trump boards Air Force One in the rain holding a large umbrella — wife and son trail behind pic.twitter.com/esWTEr7lvR
Буга байланыштуу АКШ президенти Трамптын бул жосунсуз кылыгына социалдык тармактын колдонуучулары президентти өз үй-бүлөсүнө кам көрө албайт деп айыптап чыгышты.
Айрым интернет колдонуучулар Трапм өзүн коомдо алып жүрүү жагынан мурдагы президент Барак Обамага тең келе албасын жазып, ал жубайы Мишелди жаандан коргоо үчүн коопсуздук кызматындагы адамдын колунан кол чатырды ала койгонун эске салышты.
Ал эми айрым интернет колдонуучулары Америка президентин колдоп, Бэррон менен Меланья кол чатырдан өздөрү баш тартып коюшу мүмкүн деген ойлорун айтыштып, пикирин калтырышкан.