• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жумабеков: Министрлер кабинетин чакырып, коронавирус боюнча маалымат угалы

13 Үчтүн айы 202215:04 Бишкек Govori.TV

Депутат Дастан Жумабеков парламенттин бүгүнкү отурумунда кийинки жумада Министрлер кабинетин Жогорку Кеңешке чакырууну сунуштады.

«Биринчи маселе катары өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, жазгы талаа иштерине даярдыктар боюнча кийинки аптада министрлер кабинетинин маалыматын угалы. Шайлоочулар менен жолугуп келдик. Комитеттердин бардык толук мүчөлөрү чогулуп ушул маселелерди угалы. Суроо берели. Коронавируска каршы кандай чаралар жүрүп жатат? Парламенттен кандай жардам керек?» — деди Жумабеков.

Количество просмотров: 523