• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жумагүл Карабаева: “Тренинг күткөнүмдөн да көп нерсе берди”

16 Чын куран 202517:52 Бишкек Govori.TV

11-12-13-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он үчүнчү тренингин өткөрдү. Ош шаарында өткөн бул тренингге өлкөбүздүн түштүк аймагынан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келди.

Алардын бири Кызыл-Кыя шаарындагы мектептин орус тил сабагынын мугалими Жумагүл Карабаева бул тренингден күткөн нерселерден да көп тажрыйба алганын айтты.

«Биз өзүбүздү баалабайбыз. Дайым бизге кимдир бирөөлөр «жылдыз болбо», «тынчтан», «өзүңдү көрсөтө бербе» деген сыяктуу сөздөрдү айтат деп корко беребиз. Ушундай чектөөлөр биздин баалуулугубузду кетирет экен. Мен баары колуман келерин, көп жетишкендиктерге жете аларымды түшүнүп олтурам. Аракет кылып алдыга гана багыт алуу керектигин түшүндүм», — деди ал.

Количество просмотров: 187