• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жумакадыр Акенеевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат

16 Баш оона 2018 13:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.08.2018.Govori.TV.
Экономист, мурдагы айыл чарба министри Жумакадыр Акенеевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө 17-августта коюлат. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты. Анын тажыясы Бишкектеги Айтматов көчөсүндөгү үйүндө өтмөкчү.
Экономист, коомдук ишмер Жумакадыр Акенеев 64 жашында дүйнө салды. Жүрөк оорусунан каза болгону тууралуу жакындары билдиришти
Жумакадыр Акенеев Асанкулович 1954-жылы Тоң районунун Улахол айлында туулган. Жогорку билимдүү, Фрунзедеги политехникалык институтту аяктаган.

Ал 1992 — Кыргызстандын КМШдагы экономикалык комиссиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү болгон, 1993-1997-жылдары Кыргызстандын Статистикалык комитетин, 1997-1998-жылдары Айыл жана суу чарба министрлигин башкарган. 2007-2011 — Инвестициялык фондунун жетекчиси, 2011-2013-жылдары Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти болгон.

Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев 70тен ашык илимий эмгек жазган.
Количество просмотров: 28