• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жуманазарова Баткенде каза болгон прапорщик Боркошовдун кызы Мээримден кабар алды

17 Тогуздун айы 2022 11:06 Бишкек Govori.TV

Мээрим Жуманазарова Баткенде Тажикстандын кол салуусунан каза болгон прапорщик Нургазы Боркошовдун кызы Мээрим менен жолукту. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Баткендеги акыркы окуяда өз жанын аябай, эр-азаматтарыбыз кашык каны калгыча күрөштү. Аталган баатырларыбыздын бири — Нургазы Боркошов. Ал каргашалуу окуяда шейит кеткенден кийин жарык дүйнөгө келген ымыркай Мээрим атасы менен жолуга албай калды. «Атаң өлсө да, атаңды тааныгандар өлбөсүн» дейт. Мээримдин жана башка бардык кыргызстандыктардын көз карандысыз Кыргызстанда эркин жашашы үчүн баатырларыбыз шейит кетти. Дал ушундай улуу инсандын, кыргыздын улуу рухунун ээси, чыгаан баатырыбыздын сый-урматына ээ болуу мен үчүн чексиз сыймык. Анын баатыр элеси, эрдиги дагы далай муун үчүн үлгү болот. «Аккан арыктан суу агат» дегендей, Мээрим да болочоктогу кыргыздын сыймыктуу кызы, баатырларды тарбиялаган мыкты эне болот деп үмүт кылабыз. Атуулдук сезимди биринчи орунга койгон элибиздин ынтымагы күчөй берсин, дайыма тынчтык болуп, шейит кеткен баатырларыбыздын даңкы түбөлүк өчпөсүн!» — деп жазды ал.

Белгилей кетсек, Баткендеги Тажикстандын кол салуусунан 35 жаштагы УКМКнын Чек Ара кызматынын №2053 аскер бөлүгүнүн кызматкери, прапорщик Боркошов Нургазы Имамалиевич каза болгон. Маркум каза болгондон кийин келинчеги көз жарган.

Количество просмотров: 481