• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Жуманазарова Египеттеги мелдештин чейрек финалына чыкты

24 Бирдин айы 202317:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешин жеңиш менен баштады. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап катышууда. Жуманазарова болгариялык Юлиана Яневаны эки упай артыкчылыгы менен жеңип, чейрек финалга чыкты.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Количество просмотров: 420