• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баласы менен дайынсыз болуп жаткан адамдын сөөгү табылды

14 Жетинин айы 202417:04 Бишкек Govori.TV

Жумгал районунда баласы менен чоогу мал кайтарууга кетип, дайынсыз болуп жаткан жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Жумгал районундагы Өрнөк айылында мал кайтарып жүрүп, үстүбүздөгү жылдын 16-октябрынан бери дайынсыз болуп жаткан жергиликтүү эки тургундун (ата-бала) бирөөсүнүн денеси бүгүн, 14-ноябрда туугандары тарабынан табылып, сөөгү Жумгал райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Алдын ала маалыматка ылайык, 1979-жылы туулган К.Б.нын (атасы) сөөгү Жумгал менен Токтогул району чектешкен аймакта Көкөмерен суусунан табылган», — деп жазылат маалыматта.

13-ноябрда мал кайтаруу үчүн кетип, дайынсыз болуп жаткан ата-баланы күн сайын издөө иши токтотулганы кабарланган.

Эске салсак, 16-октябрда Өрнөк айылынын тургуну 45 жаштагы Болот Карыпбеков менен анын уулу Бекзат Самарбеков мал кайтарганы кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Буга чейин президент Садыр Жапаров дайынсыз кеткен ата-баланы издөө иштерин күчөтүү тапшырмасын берген.

Количество просмотров: 5635