• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жумгалдын Өрнөк айылынан дайынсыз болуп жаткан ата-бала эмгиче табыла элек

27 Тогуздун айы 202423:12 Бишкек Govori.TV

Жумгалдын Өрнөк айылынан 16-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан ата-бала ушул кезге чейин табыла электигин Азаттык жазып чыкты. Болот Карыпбеков жана баласы Бекзат Самарбеков кой кайтарууга кетишкен. Тоодон телефон тартпай, алардын дайыны чыкпаган соң, туугандары ӨКМге кабар берип, издей башташкан.

Алар минип кеткен аттын өлүгү суудан табылган. Айылдыктар ошондон бери Көкөмерен дарыясын бойлой 15 чакырымдай аралыкта ата-баланы издеп жатышат. Болот Карыпбековдун апасы Жыпар Сыдыкова жок дегенде балдарынын сөөгүн тапканга жардам берип койгула деп кайрылды.

ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнест Дыйканбаев 28-октябрда да активдүү издешээрин, учурда бир топ иштеп жатканын айткан. Токтогул районунун ӨКМ бөлүмүнө да кабар берилген, себеби дарыя ал жакка тез эле агып барат.

Көкөмерен дарыясына буга чейин дагы бир топ адамдар агып өлгөнү белгилүү.

Количество просмотров: 356