• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жунушалиев: «Коопсуз шаар» элдин капчыгын кагуу үчүн киргизилген эмес

5 Бирдин айы 2020 10:32 Бишкек Govori.TV

«Коопсуз шаар» долбоору элдин капчыгын кагуу үчүн эмес, тартипке салуу үчүн киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Министр белгилегендей, ИИМ өкмөткө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу максатында тиешелүү иш-чараларды баштаган.

«Аппараттык-программалык комплекстерди көчө-жолдорго орнотуу өз кезегинде жол кырсыктарын, анын оор кесепеттерин азайтууга өбөлгө түзүп, жол кыймылынын катышуучулары арасында жолдо жүрүү маданиятын жогорулатууда.
Ошондой эле, жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматынын кызматкерлери арасында коррупциялык, укукка жат көрүнүштөрдү кыскартууга шарт түзө алды. Жакынкы арада долбоордун 2-баскычында өлкө аймактарынын жолдорунда (жол кырсыктары катталып жаткан жерлер аныкталып) камералар орнотулат», — дейт ал.

Ал белгилегендей, «Коопсуз шаар» долбоору 2019-жылдын 4-март айынан баштап иштеп жатат. Анын алкагында 2019-жылдын 4-мартынан 2020-жылдын 28-январына чейин 958 миң 859 жол эреже бузуу катталган. Анын ичинен, 532 миң 761 токтом (55,6%) боюнча 663 млн 421 миң 575 сом айып пул төлөнгөн.

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилгенден бери Бишкек шаарынын аймагындагы «Коопсуз шаардын» камералары орнотулган тилкелерде жалпы жол кырсыктарынын саны 65,6%га, жаракат алгандардын саны 25%га төмөндөгөн, каза болгондор жок. Чүй облусунун аймагында камералар орнотулган жерлерде жалпы жол кырсыктарынын саны 100%га, жаракат алгандардын саны 100%га төмөндөгөн, каза болгондор жок.

«ИИМ тарабынан жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында эскертүүчү, түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүп келет. 2019-жылдын 4-мартынан баштап, Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймактарында аппараттык-программалык комплекс орнотулуп, «Коопсуз шаар» долбоору иштеп баштады. Бишкекте 42 жерге аппараттык комплекс орнотулган, анын ичинде көчө кесилишинде – 38, көпүрө алдында – 4. Андан тышкары, 5 көчмө аппараттык комплекс иштеп жатат; Чүй облусунда жалпы 48 жерге аппараттык комплекс орнотулган («Бишкек-Ош», «Бишкек-Нарын», «Бишкек-Чалдыбар», «Бишкек-Манас аэропорту», «Бишкек-Кордай» тилкелеринде). Андан тышкары, 15 көчмө комплекс иштеп жатат», — деп билдирди Жунушалиев.

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында, 2019-жылдын февраль айында Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын имаратында «Мониторинг борбору» ишке киргизилген.

«Бүгүнкү күндө, Коопсуз шаар долбоорунун алкагында 306 аппараттык комплексти орнотуу пландалып жатат (266 стационардык, 40 көчмө). «Коопсуз шаар» системасын өлкөнүн башка аймактарына жайылтуу менен коопсуз көчө, коопсуз район аталыштагы баскычтарга жетүү үчүн Бишкек шаарынын 6 кичи районунда «Коопсуз район» аталыштагы долбоорду 2019-жылдын май айында ишке киргиздик. Ал кичи райондорго 72 даана видеокамералар орнотулган», — дейт ал.

Бул долбоорду Бишкек шаарынын 11, 12 жана «Асанбай» райондорунда ишке ашыруу максатында, ал райондорго видео-камераларды орнотуу үчүн Бишкек мэриясы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, 3 млн сом бөлүнөрү каралууда.

Количество просмотров: 110