• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Журналист Абдувахаб Мониев каза болду

24 Бирдин айы 202210:24 Бишкек Govori.TV

Белгилүү журналист жана публицист Абдувахаб Мониев көз жумду. Журналисттин жакындары ал оорудан каза болгонун билдиришти.

Журналист эмгек жолун 1992-жылы Ош облустук «Ош жаңырыгы» гезитинде корректор болуудан баштаган. Андан соң Чөгөм орто мектебинде лаборант, «Асаба», «Агым» гезиттеринде кабарчы болгон. «Учкун», «Ош жаңырыгы» жана «Эркин-Тоо» басылмаларынын башкы редактору кызматын аркалаган.

Абдувахаб Мониев 1974-жылы Оштогу Араван районуна караштуу Чөгөм айылында туулган.

Количество просмотров: 1274