• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Журналист, блогер, ишкер, депутаттардан турган командалар футбол ойнойт

4 Жалган куран 2022 16:50 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда алгачкы жолу 25 жаштан 35 жашка чейинки жаш мамлекеттик кызматкерлер, эл өкүлдөрү, өнөр адамдары, дарыгерлер, мугалимдер, ишкерлер, журналисттер жана башка ар тармактуу жаштардын башын бириктирген «Келечек» кичи футбол боюнча турнири өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, турнир эртең, 5-март күнү «Газпром балдарга» ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт. Саат 14:00дө расмий ачылышына Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов катышат.

«Жалпы 8 команда катышуусу пландалып жатат, алар: мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер, блогерлер, ырчылар, эл өкүлдөрү, дарыгерлер, журналисттер жана мугалимдер командалары. Аталган турнирдин жалпы байге фонду 110 миң сомду түзөт.

Мындан тышкары «мыкты оюнчу», «мыкты бомбардир», «мыкты дарбазачы», «мыкты коргоочу» жана «мыкты күйөрман» номинациялары да каралган.

Количество просмотров: 489