• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Журналист Канат Каниметов УКМКга чакыртылды

1 Теке 202511:57 Бишкек Govori.TV

Журналист Канат Каниметов мурдагы иштеген мекемеси – “Апрель” телеканалынын иши боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды.

“Ал жактан кеткенине көп болгон мурдагы кызматкермин. Азыр мурда иштеген мекеме менен эч кандай байланышым жок”, — деп жазды Каниметов.

Канат Каниметов 2022-жылдан бери “Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоорунда иштейт. Фейсбук баракчасына

Быйыл апрель айында прокуратура «Апрель» телеканалынын лицензиясын жокко чыгарып, социалдык тармактардагы баракчаларын жабуу арызы менен сотко кайрылган. Буга каналдын материалдарында азыркы бийликке каршы терс пикирлер бар деген үч экспертиза себеп болгон. 29-июнда “Апрель” Телеграм-каналы аркылуу билдирүү жасап, июль айынан тартып, эмгек өргүүсүнө кетип жатканын, бирок андан кийин телеканалдын иши токтошу ыктымалдыгын билдиришти.

Теги:
Количество просмотров: 117