• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Журналист кызды жамбашка чапкан жигит милицияга өзү келди

10 Кулжа 202113:08 Бишкек Govori.TV

Көчөдө өтүп бараткан кызга тийишкен жигит өз ыктыяры менен милицияга келди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

“9-июнда 1999-жылы туулган О.Х. жаран келди. Ал Бөкөнбаев-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде кыздардын жанынан өтүп бара жатып, алардын бирине колу кокусунан тийип кеткенин түшүндүрүп, кечирим сурады. Тергөө иш-чараларынан кийин О.Х. бошотулуп, суракка кайра келүү милдеттемеси менен бошотулду. Тергөө иштери уланууда”, — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте көчөдө бейтааныш жигиттен ыдык көргөнүн айткан журналист Айдай Токоева 8-июнда милицияга арыз жазган.

Количество просмотров: 1129