• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Журналист Сайпидин Султаналиев камакта калды

5 Бирдин айы 2024 14:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-февралда Бишкек шаардык соту журналист Сайпидин Султаналиевди 2 айга камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 77