• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Журналистерге Матраимовдун балдарынан кол салуу болгондугу тууралуу Азаттык видеотасма жарыялады

30 Аяк оона 2019 9:09 Бишкек Govori.TV

28-сентябрда Ош шаарында белгисиз төрт киши күчкө салып, «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановдун видео камерасын толук комплектиси менен тартып алган.

Журналист кезектеги теле иликтөөнүн алкагында Оштогу Ленин көчөсүндө дрон аркылуу 150 метрден жогорку бийиктиктен шаарды тартып жүргөн. «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков журналистке кол салуу кандайча болгонун баяндап берет.

Азаттыктын айтымында, белгисиз олбурлуу жигит басып келип, операторду артынан муштаган. Андан соң кучактап туруп колундагы дрондун пультун жана телефонун жулуп алган. Журналисттен дронду берүүнү талап кылган. Оператор Кулчуманов дронду асмандан түшүрүш үчүн пультту алышы керек экенин айткан. Бирок тартып алган адам пультту кайтарган эмес. Ошол маалда дрон башкаруусуз калган.

«Анан дагы экөө басып келген да Кулчумановдон «Райымбек Матраимовду тартууга ким тапшырма берди?» деп суракка ала башташкан. «Лексус» автоунаасы токтоп, андан дагы бир киши түшүп келген. Ал дагы Кулчумановду суракка алып, опузалаган», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов журналистерге интервью берип, «Азаттыкка” Райымбек Матраимов же Матраимовдордон башка жаңылык калбай калыптырбы?», — деген суроо узатты.

«Мен бул окуя боюнча түштө уктум. “Азаттык” кандай маалымат берет деп күттүм. Окуя болгондон кийин, Ыдырыс аркылуу менин кичүү иниме жардам сурап чыгышкан. Ал келип милицияга арыз жаздырган. “Азаттыктын” журналисттери мыйзамсыз үйдү тартканын Ыдырыс билген дагы эмес. «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов журналист Али Токтакуновдун “буюртмасы” менен келгенин айтты. Ал бир күн мурун Кара-Суудагы мечитти тарткан экен. Экинчи күнү үйдү тарткан. “Азаттыктын” журналисттерине “5 жылдан бери эле үйдү тартасыңар” деп өздөрүнө дагы айттым. Чындыгында 5 жылдан бери ошол үйдү бир эле “Азаттык” кайра-кайра тарта берет. 5 жыл тартканы аз келгенсип, кайра эле бул жолу да эртең мененки таңкы саат 6 менен 7нин ортосунда үйдү дрондун жардамы менен тартканы келишкен. Үйдө жүргөн жигиттин бетин жакын тартабыз дешкенби, айтоор “Азаттыктын” жөндөмү жок операторунун айынан дрон аппараты ал баланын башына түшүп, жабыркаган.  Карап көргүлө, эртең менен эл жакшы ниет кылып, амандыгына кубанып, таңкы ырыскысына шүгүр кылып, уйкудан туруп жатса, эртең менен азандын аягында аларды ким “Матраимовдордун үйүн тарткыла!” деп кыйнады же эртең менен “Азаттыктын” журналистерин карактагандай Райымдин жигиттери таңкы саат 7де “Азаттык” келет” деп аларды күтүп олтуруптурбу? Калпты дагы жөнү менен айтып, дооматты дагы орду менен коюш керек да», — деп айтты Матраимов.

Количество просмотров: 803