• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Журналисттер мушташып кетишти

2 Теке 2019 12:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.07.2019.Govori.TV

Америкалык кабарчылар менен Түндүк Кореянын журналисттеринин ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусунда чатак чыгып, Ак үйдүн басма сөз катчысы жабыркаган.

CNNдин кабарчысы Джим Акоста Twitter баракчасына:

“Жаңы басма сөз катчысы Стефани Гришэм түндүк кореялыктар менен чатакташууга кабылды деп айтышты. Түндүк кореялык кабарчылар Трамп менен Кимдин жолугушуусун чагылдыруу учурунда эң мыкты позицияны ээлөөгө аракет кылышкан. Анын кесепетинен Гришэмдин денеси көгала болуп, тытылган”,-деп жазды.

Эскерте кетсек, АКШ менен КЭДРдин башчылары Дональд Трамп менен Ким Чен Ын 30-июнда жолугушкан эле.

Количество просмотров: 7