• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Журналисттердин кармалышы. ИИМ менен Башкы прокурордун маалыматын угуу сунушталды

18 Үчтүн айы 202413:36 Бишкек Govori.TV

Депутат Гуля Кожокулова жапырт камакка алынган журналисттердин иши боюнча Ички иштер министрлигини менен Башкы прокуратуранын маалыматын угууну сунуштады. Мындай пикирин ал Жогорку Кеңештин 18-январдагы жыйынында айтты.

«Бул массалык камоо болуп эсептелет. Жогорку Кеңештин кийинки жыйынында Ички иштер министри, Башкы прокурордун бул маселе боюнча маалыматын угалы. Кандай негизде кармап жатышат? Анткени мындай массалык кармоолор адатка айланып баратат, мындай болбошу керек», — деди депутат Кожокулова.

Эскерте кетсек, Ички иштер министрлиги (ИИМ) «Массалык башаламандык уюштурган» деген шек менен 16-январда “Темиров LIVE”, “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген жана мурда иштеп кеткен журналисттерди кармап, алар 48 саатка камалышкан.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту кармалган 11 журналисти 13-мартка чейин камакта калтырды.

Количество просмотров: 122