• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Журналисттерды жана ММКларды колдоо боюнча маалыматтык кампания башталды

1 Бештин айы 2022 9:52 Бишкек Govori.TV

Эртең, 1-декабрда Кыргызстандын социалдык тармактарында республиканын журналисттерин жана массалык маалымат каражаттарын колдоо боюнча маалыматтык кампания башталмакчы.

Акциянын максаты — чет мамлекеттердин коомчулуктарына Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын жеткирүү.

Кыргызстандагы журналисттерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына басым жасалган фактылар ар кайсы өлкөлөрдүн журналисттеринин жеке аккаунттарынан #ForKyrgyzJournalist, #ForKyrgyzMedia деген хэштегтер менен жарыяланат.

Маалымат кампаниясына Грузия, Молдова, Украина, Казакстан, Молдова, Литва жана башка өлкөлөрдөн журналисттердин катышуусу күтүлүүдө.

Үгүт өнөктүгү учурунда change.org жана avaaz платформаларында Кыргызстандагы журналисттерди жана массалык маалымат каражаттарын колдоо үчүн кол топтоо үчүн онлайн петиция ачылат.
Акциянын соңунда, 9-декабрь — Эл аралык адам укуктарынын күнүндө, саат 10.00дөн 13.00гө чейин Парк Отель мейманканасында Сорос Фондунун колдоосу менен Кыргызстандын Медиа Актив Платформасы менен биргеликте журналисттердин ортосунда онлайн телекөпүрө өткөрүлөт.
Иш-чаранын максаты — жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге болгон коркутууларды жана чектөөлөрдү, сөз эркиндигин жана жалпы аракеттерди талкуулоо.

Иш-чаранын жалпы жыйынтыгы болуп, Кыргызстандын президентине журналисттердин жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге кысым көрсөтүүнү токтотууга, республикадагы сөз эркиндигин жана массалык маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүн чектеген мыйзам чыгаруу демилгелерин жокко чыгарууга чакырган кайрылуусу болмокчу .

Бул иш-чаралардын бардыгы:
• Кыргыз Республикасынын журналисттерине колдоо көрсөтүүгө жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кысым көрсөтүүнү токтотууга;
• Кыргыз Республикасындагы сөз эркиндигинин абалы жөнүндө мүмкүн болушунча көп адамдар билүүсүн камсыз кылууга;
• ар кайсы өлкөлөрдүн журналисттеринин түйүндөрүн түзүү жана критикалык кырдаалдарда бирдиктүү жооп кайтаруу үчүн негиз түзүүгө.

Онлайн телекөпүрөдө журналисттер Кыргызстандагы жана катышуучу мамлекеттердеги сөз эркиндигинин абалы, ар кандай кысым, куугунтук, маалымат каражаттарына бөгөт коюу, ЖМКга мыйзамдуу чектөөлөр жана учурдагы кырдаалга жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде жооп кайтаруу боюнча жалпы аракеттерди талкуулоого багытталмакчы.

https://www.change.org/?fbclid=IwAR3lLdQLvNy01LNlYEw9YdDP1ZJV1oJDu6ZWecjhCFKg-xikl7h2ehE_Z_o

Количество просмотров: 120