• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жусупбекова: Быйылкы окуу жылы жаңы мектеп директорлору менен башталат

13 Теке 2022 11:40 Бишкек Govori.TV

Быйылкы окуу жылы жаңы мектеп директорлору менен башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, беш жылдык мөөнөттөн ашык мектепте директорлук кызматын аркалап келгендер кайра сынакка катышса болот.

“Ушул жылдын август айында болочок директорлорго сыноо тести өткөрүлөт. Тестте болочоктогу директорго тиешелүү суроолор: психология, педагогика, IT тармагы, башкаруу жана билим берүү тармагындагы мыйзам боюнча суроолор берилет. Талапкерлер тесттен өткөндөн кийин жыйынтыгы дароо чыгат жана жогорку балл алгандар директорлук кызматка дайындалат”, — деди Жусупбекова.

Количество просмотров: 7131