• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жусупбекова: Мектептерде салтанаттуу линейканы ачык абада өткөрүү сунушталууда

13 Аяк оона 2021 11:31 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 15-сентябрда мектептерде окуу салттуу түрдө (офлайн) башталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Жусупбекова мектептеги салтанаттуу линейканы өткөрүү боюнча Саламаттык сактоо министрлиги менен сүйлөшүү жүргөнүн айтат.

“Министрлик 15-сентябрда боло турган мектептердеги линейка ачык абада, мектептин короосунда өтүүсүнө эч кандай каршы эместигин айтты. Ал эми кайсы бир региондо аба ырайы начар болуп калса, анда мектептин жыйын залында графикке ылайык өтүшү керек”, — дейт ал.

Количество просмотров: 193