• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жусупова: Айылда социалдык көйгөйлөр көп

5 Аяк оона 2022 11:15 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында жетинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан алдыңкы жаш лидер айымдар келген.

30 жаштагы Айжан Жусупова Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан келген, чет тилден мугалим.

«Алдыда жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлигимди кою максатым бар. Айылда социалдык көйгөйлөргө көп кезигебиз. Мени тынчсыздадырган нерсе энелердин сабатсыздыгы. Мындан тышкары да көптөгөн көйгөйлөр бар. Мисалы, зордук -зомбулук маселери. Мен бул тренингден азыркы учурдун талабы болгон СММ, аялдардын лидерлик сапатын өркүндөтүүнү үйрөнүү үчүн келдим. Элеттеги айымдар көр оокаттын айынан өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай калышат»,-деди Жусупова.

Количество просмотров: 78