• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Михаил Горбачёв 91 жаш курагында көз жумду

31 Баш оона 2022 9:36 Бишкек Govori.TV

СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёв 91 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттиги жазды.

Маалыматта айтылгандай, Горбачёв узакка созулган оорудан улам каза болгонун жазды.

Горбачев 1931-жылы 2-мартта Ставрополь крайындагы Привольное кыштагында туулган. 1955-жылы М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин, 1967-жылы Ставрополь айыл чарба институтунун сырттан окуу бөлүмүн бүтүргөн. Университетти аяктагандан кийин Ставрополь облустук прокуратурасына бөлүнгөн, андан кийин болочок мамлекет башчысы партиялык иштер менен алектенген.

1985-жылы КПСС Борбордук Комитетинин кезексиз пленумунда Горбачев Башкы катчы болуп шайланган, 1988-жылдын 1-октябрынан тартып ал СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы кызматын да ээлеп, ошону менен жогорку кызматтарды бириктирген, мамлекеттин жана партиянын.

Михаил Горбачёв CCCРди жетектеп турганда “кансыз согуш” токтоп, Ооганстандан советтик аскерлер чыгарылган. Коммунисттик партия жетектөөчү жана багыттоочу ролунан баш тарткан.

Количество просмотров: 318