• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте аял пластикалык операциядан кийин көз жумду

24 Кулжа 2022 15:26 Бишкек Govori.TV

Бишкекте аял пластикалык операциядан соң (липосакция) көз жумду.Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.


Ага ылайык, бейтап жеке клиникадан Улуттук госпиталга оор абалда түшкөн.«Көрүлгөн чараларга карабастан, ал каза болду. Тиешелүү экспертиза дайындалды, укук коргоо органдары тарабынан баа берилет», — деди.


Өз кезегинде, милициянын басма сөз кызматы бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси (Медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбашы) боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.


Кылмыш-жаза кодексине ылайык, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 280