• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жыл башынан бери бензиндин баасы дээрлик 21 сомго кымбаттаган

27 Аяк оона 2021 18:08 Бишкек Govori.TV


Кыргызстанда бензин баасынын кымбатташы улантууда. 2021-жылдын башынан бери бензиндин баасы дээрлик 21 сомго кымбаттаган

Белгилей кетсек, күйүүчү майдын дээрлик баары Орусиядан келгенине карабай, Кыргызстанда бензин салыштырмалуу буга чейин арзан болчу.

Орусия сентябрда күйүүчү майды экспорттук төлөмү (пошлина) менен бере баштаганына байланыштуу бензиндин баасы сентябрда дагы көтөрүлөрүн буга чейин Кыргызстандын Нефтетрейдерлер биримдиги эскерткен.

Кыргызстан жылына 1,1 млн. тоннадай күйүүчү жана майлоочу май керектейт. Орусия 2016-жылы Кыргызстанга мунай жана мунай продуктуларын төлөмсүз жеткирүү боюнча чечим кабыл алган. Ага ылайык, Кыргызстандагы импорт, ички өндүрүш жана колдонууну эске алуу менен атайын индикативдик план түзүлгөн. Аталган пландын негизинде Орусия белгилүү бир көлөмдөгү мунай жана күйүүчү май жөнөтүп турат.

Нефтетрейдерлер биримдиги соңку беш жылдан бери керектөө өскөнү менен Кыргызстанга алынып келинген майдын көлөмү өзгөрбөгөнүн белгилөөдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, акыркы жылы Кыргызстанда бензиндин баасы 1,6 эсеге өскөн.

Количество просмотров: 322