• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жыл жыйынтыгы: Акаев келди. Атамбаев балдарын депутат кылды. Жапаров бийлигин бекемдеди

1 Үчтүн айы 2022 16:00 Бишкек Govori.TV

Өтүп бара жаткан 2021-жыл олуттуу окуяларга бай, ошол эле маалда оор болду. Бул жыл сыноолордун жылы катары сыпатталып, узап бара жаткан жылдагы маселелер шайлоо менен анын айланасындагы саясий жүрүштөргө байланды.

Кыргызстандын эгемен тарыхында алгачкы жолу президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышты. Кезексиз президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдумга жалпы добуш берүү үчүн 3 млн. 563 миң 574 жаран катталып, 10-январда 1 млн. 395 миң 513 киши шайлоого келди. Бул шайлоочулардын 39,16% түзөт. Кыргызстандын президенти болуп Садыр Жапаров шайланды. Жапаров 1 млн. 105 миң 248 (79,20%) шайлоочунун добушун алып жеңишке жетти. Шайлоочулардын 81,49%ы «президенттик республика» башкаруу системасына добуш берген. «Парламенттик республика» вариантын колдогондордун саны – 10,91% болду. 4,47% эл «Баарына каршы» добуш берди.

Албетте, 2021-жылдын эң башкы окуясы — Баш мыйзамды өзгөртүү. Өлкө Конституциясы кабыл алынган 1993-жылдан бери эле бийлик мамлекетти башкаруу эрежесин улам өзгөртүп, аны жарандардын добушу менен бекемдөөнү көнүмүш адатка айландырды. Элдик толкундоонун шарапаты менен бийликке келген Садыр Жапаров баштаган бийлик өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча элдик добуш берүүнү 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен бирге өткөрүү чечимин кабыл алган эле.

Президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө негиз берген жаңы Конституция 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен чогуу өткөн референдумда тандалып, Жаңы баш мыйзам 5-майда кабыл алды. Жаңы редакциянын алкагында башкы мамлекеттик структуралардын ыйгарым укуктары өзгөрдү. Премьер-министр кызматы жоюлуп, Министрлер кабинети түзүлдү.

Аткаруу бийлиги эми толугу менен президенттин алдына өттү. Мамлекеттик башкаруунун эки тизгин бир чылбыры бир адамга өткөнүнүн оң жана терс жактарын айткандар болду.

Пандемия жакадан алып турган убакта жана экономикалык кризис шартында 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Бирок добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталгандыктан Токмок, Ош, Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылды.

Бул жолку шаардык кеңешке шайлоонун таржымалы узун болду. 3 шаарга депутаттарды шайлоо 11-июлга дайындалып, Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого катышкан 18 партиянын алтоо 7 пайыздык босогодон өттү. Бирок шайланып келгендердин үй-бүлөлүк байланыштары талкуу жаратты. Алсак, жаңы депутат болгондордун теңинен көбү мурунку аткаминерлердин балдары менен бизнесмендердин туугандары. Жада калса бир катар оор кылмыштарга шектелип, абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу «Социал-демократтар» партиясы менен депутат болуп келди.

Бир жылдын ичинде аткаруу бийлигинин түзүмү бир нече ирет алмашты. Марипов башында турган өкмөт 8 ай иштегенден кийин Кыргызстанда Министрлер кабинети алмашып, президенттин жарлыгы менен Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын – президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Акылбек Жапарводун командасына кирген мурдагы элчи, убагында «Демократия жана атуулдук коом» коалициясынын лидери Эдил Байсалов бийлик жаңы келе тураган парламентти колуна ала турганын айтып алды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын пикири чуу менен коштолуп талкуу жараткандан кийин Басалов сөзүнөн кайтса да, айтылган пикиринин эпкини калды.

Жаңы шайлоо мыйзамдары менен бийлик парламенттик шайлоону өткөрдү. Өзгөртүлгөн Конституция боюнча парламент депутаттарынын саны кыскарып, ыйгарым укуктары да азайды. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келди. Анын 54ү партиялык система менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Аралаш система менен өткөн шайлоо башаламандык менен коштолду. Шайлоо күнү добуш берүү аягына чыккан учурда БШКнын Маалыматтык шайлоо системасы бир өчүп-күйүп, мындан улам күмөн саноо жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун өкүлдөрү муну «көз боёмочулук» деп атап, шайлоону жокко чыгарууну талап кылышкан.

Ал эми мамлекет башчы Садыр Жапаров «добуштар уурдалды» деген партияларга Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, бюллетендерди кол менен санап чыгууну сунуш кылган. Кийин партиялардын IT адистери сайтта ката кеткенин ырасташты. Парламенттик шайлоодогу бюллетендерди кол менен саноо аяктап, жыйынтыкка нааразы партиялар тынчып калышты.

Парламенттик шайлоо демекчи, УКМК менен ИИМдин кызматкерлери 28-ноябрдын алдында бийликти күч менен басып алууну каалаган топтун 15тен ашык мүчөсүн кармады. Күч түзүмдөрүнүн маалыматы боюнча, шектүүлөр парламенттик шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчылдык уюштурууну пландашкан. Шектүүлөрдун арасында Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов бар. Көп узабай кармалган жарандарды бошотуу талабы айтылып, бирок шайлоо жышааны менен аларга көңүл бурулбай калды.

Бул жылда болгон орчундуу окуялардын катарына 2005-жылдагы «Жоогазын» ыңкылабынан соң бийликтен кулатылган мурдагы президент Аскар Акаевдин 16 жылдан кийин Кыргызстанга кайтып келиши кошулду. Ал «Кумтөр» долбоору боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында келди.

Кыргызстанда бийликтен кулатылган мурдагы президенттердин бири Аскар Акаевдин өлкөгө кайтышы менен качкын президент Курманбек Бакиев да Кыргызстанга келеби деген талкуулар күчөдү.

Бирок башкы прокуратура эгер мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо же аны укук коргоо органдары алып келишсе ал беш жыл мурдагы сот өкүмүнүн негизинде дароо камакка алына турганын билдирген эле.

Кыргызстанда 2021-жыл кымбатчылык менен тең жарышкан саясий күрөштөр менен толукталды. Бир жыл ичинде бир нече шайлоо өтүп, эл тажады. Түйшөлткөн экономика, карыз, каатчылык, кымбатчылык айтылып бүтпөгөн саясаттын ичинен жарандар кайсы бирине көңүл бураарын билбей калды…

Количество просмотров: 1268