• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жыл башынан бери селдин кесепетинен 5 миңден ашык турак жай жабыркады

24 Аяк оона 202410:57 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 2024-жылдын сентябрына карата 331 сел кырсыгы катталып, анын кесепетинен 5 миң 354 турак жай жабыркады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Министрдин айтымында, анын ичинен 102си бузулуп, 138и капиталдык оңдоого муктаж.

«Бул окуялар табигый кырсык тобокелдиктерин жакшыраак башкаруу зарылдыгын көрсөтүп турат», — деди ал.

Количество просмотров: 85